БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Түтүктүн жарылышынан атып чыккан суу 500 чарчы метр аянтты 'ээлеген Samsung дүкөнүн каптап кеткенин Sputnik агенттигине дүкөндүн менеджери Рустам Артыкбаев билдирди.
Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге таштар ыргып жатканын окуяга күбө болгон жаран билдирген. Суу окуя болгон жерге жакын жайгашкан дүкөн имараттары жабыр тарткан.
Дүкөн менеджеринин айтымында, суу менен бирге ыргыган таштар дүкөндүн айнектерин талкалап кеткен.
"Залда жана витринада турган техниканын 90 пайызы жараксыз абалга келди. Сатып алуучулар да, кызматкерлер да эвакуацияланды. Жабыркаган адамдар болгон жок", — дейт Артыкбаев.
Менеджер учурда дүкөн кызматкерлери имарат ичин тазалап жатышканын кошумчалады.
"Экспертиза чыгымдын көлөмүн эсептеп жатат. Азырынча сумманы айтуу кыйын", — деди Артыкбаев.
"Бишкекжылуулуктармагы" ААК маалыматы боюнча, кырсык болгон жерде түтүктөр текшерүүдөн өтүп жаткан.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн кечке маал "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан өрт саат 0:01де чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Горит контейнер на "Дордое". Четыре пожарных расчета тушат. pic.twitter.com/xxQk2etd78
— Kanybek Beishenbekov (@kbeyshenbekov) March 6, 2021
Өрттү өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 20:46да дагы бир бөлүм, саат 20:48де Биринчи май районунан бир бөлүм жиберилген.
"Мындан тышкары, бир суу ташуучу унаа, саат 21:35те Октябрь районунан бир бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Саат 21:25те ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада барды", — деп жазылат билдирүүдө.
Өрт өчүрүү иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барды.
Кошумча маалымат берилет.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.