Жаратылыш кырсыгынан Сокулукта оорулуу балдардын реабилитация борбору чатырсыз калды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКичинекей бөбөк. Архив
Кичинекей бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде болгон катуу шамал социалдык бир нече имараттарга жана жеке турак-жайларга залал келтирди.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Чүй облусунун бир катар район, шаарлары 8-июнь күнү кечинде болгон катуу шамалдан жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алай-дүлөй шамалдын кесепети Таласка да тийди
Маалыматка ылайык, кечки саат жетиден сегизге чейин Жайыл районунда, Кара-Балта жана Токмок шаарларында ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. 

Анын кесепетинен Жайыл районунун Сосновка айылындагы маданият үйүнүн, Сокулук районундагы маданият үйү менен оорулуу балдарды реабилитациялоо борборунун чатырларын учуруп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0