БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. Чек арачылар Кадамжайда түстүү металл аткезчилигинин жолун буушканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Марказ айылынын тургуну Өзбекстандан Кыргызстанга көзөмөл пунктунан тыш жалпы салмагы 250 килограммдык түстүү металл алып кирүүгө аракет кылган.
Алдын ала маалымат боюнча жүктүн жалпы наркы 60 миң сомду түзөт.
Кармалган адам жана контрабандалык жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлдү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Талас облусунда коомдук тамактануучу жайдан газ баллон жарылып жаракат алган аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 4-январь күнү Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен 11 адам жаракат алган, арасында жаш балдар дагы бар. Төртөө өтө оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Ар кимисинин күйүгү ар кандай деңгээлде болгон.
Реанимацияда жаткандардын экөө Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган.