БИШКЕК, 9 июнь— Sputnik. Бороондуу шамал Бишкек боюнча 30 светофорду иштен чыгарганын Sputnik агенттигине Жол кайгуул кызматынын курулуш-монтаждык эксплутациялоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Дэн Сяопин, Абдрахманов, Масалиев, Курманжан датка көчөлөрүндө жана Чүй, Жибек Жолу проспектилеринде светофорлор иштебей турат.
Аларды калыбына келтирүү үчүн төрт ремонттук бригада иш алып барууда.
Адистердин айтымында, светофорлор кечке чейин өз калыбына келет. Көчөлөрдөгү автотыгындардан улам жарактан чыккан объектилерге жетүү кыйын болууда.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Санэпидкөзөмөл борборуна таянып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адам тууралуу маалымат таратты.
Борбордун адистери менен аймактык оорукананын дарыгерлери биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен уулангандар суу кошулган спирт ичишкени аныкталган.
"Ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү Кара-Суу айылынын 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар салат, бешбармак жеп, суу кошулган спирт ичимдиктерин ичишкенин билдиришкен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик каза болгондордун баары Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгонун кошумчалап, аты-жөнү такталганын билдирген.
Маалыматта үч киши үйүнөн, дагы үчөө ооруканага түшкөндөн кийин көз жумганы айтылды. Аксынын ооруканасында бир адам дарыланууда, анын абалы орточо оор деп бааланып жатат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан каза болгон адамдардын аты-жөнү такталды.
Кара-Суу айыл аймагынын маалыматына ылайык, каза болгондордун баары жергиликтүү тургундар.
Алар:
Бизге адамдар бөйрөктөгү таштар чоңоюп кетип, оору чыдатпай талып калганда кайрылышат. Заара, кандан анализ алып, эгер бөйрөк сезгенбесе, дароо ташты талкалоо ыкмасы менен дарылоого жөнөтөбүз. Бул тууралуу Жаныбек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шоколад, кофе, алкоголь ичимдиктери бөйрөктө ташты пайда кылат.
"Бөйрөктөгү таштар ультраүн соккусу менен 30 мүнөттүк процедурада талкаланат. Кээ бир таштар бир эле сеанс менен тазаланса, айрымдарында 4-5 сеанс жүргүзүлөт. Негизи бөйрөктө фосфат, оксалат жана ураттык таштар пайда болот. Ар бир ташка жараша бир нече сеанс белгиленет. Андан тышкары, дарыгер таштын түрүнө жараша диета белгилеп дарылайт. Биздин борбордо полост жана уретерореноскопия хирургиялык операциялары да жасалат. Биринчисинде бөйрөктөгү таш ичти кесүү жолу менен алынса, экинчисинде аппараттын жардамы менен заара түтүгүнөн кирип, көлөмү бир сантиметрге чейинки таштарды алып чыгабыз", — деди Мырзабеков.
Дарыгер региондогу адамдар бөйрөгү ооруса биздин ооруканада уролог жок деп жүрө бербестен ошол аймактагы терапевтке көрүнсө, ал шаардагы дарыгерлерге жөнөтөрүн кошумчалады.