Жети-Өгүздө мугалимдер өспүрүмдү басынтып, өз жанын кыйууга жеткирди деп шектелүүдө

© Фото / Jesse TherrienӨспүрүм. Архив
Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала текшерүүнүн натыйжасында бала мектептеги окутуучулар тарабынан басынттуудан улам өмүрүн кыйганы аныкталды.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында өспүрүмдүн өз өмүрүн кыйгандыгы боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Жаштар суицидге каршы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: окуучулардын арасындагы өзүн өзү өлтүрүүлөр кооптондуруп жатат
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун прокуратурасына баланын ата-энеси РИИБ кызматкери жана С.Сыдыков атындагы мектеп мугалимдерине карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, баланын өлүмүнө мектептеги басынтуу, мындан улам анын психикалык жактан жабыркоосу себеп болгон. 

Алдын ала текшерүүнүн натыйжасында, бала мектептеги окутуучулардын басынттуусунан улам 2015-жылдын 7-майында өмүрүн кыйганы аныкталды. 

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) жана 316-беренеси (Шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0