Кара-Суудагы каналдарды оңдогон ишкана миллион сомду өзүнө ыйгарып алган

Жазылуу
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы суу каналдарын калыбына келтирүү иштеринде "СКФ — Куруучу" ЖЧКсы мамлекетке миллион сом өлчөмүндө зыян келтиргенин аныктады.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча бөлүмү текшерүүнүн жүрүшүндө "СКФ — Куруучу" ЖЧКнын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагындагы суу каналдарын калыбына келтирүүдө иш көлөмүн жогорулатып койгонун аныктады дейт аталган мекеменин маалымат кызматы.

2012-2013-жылдары сугаруучу суунун эсебин алуу, бөлүштүрүү жана коромжуну азайтуу максатында суу каналдарын калыбына келтирүү үчүн аталган ишкана 18,177 миллион сомдук иш аткарган.

Эксперттин катышуусу менен өткөн текшерүүнүн натыйжасында компания курулуш иштерин жүргүзүп жатып жалпы жумуштун көлөмүн жогорулатып койгону аныкталды. 

"Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлери аталган ишти пайдаланууга кабыл алган. Мындан улам мамлекетке 931,7 миң сомдук зыян келтирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Июнь айынын башында жогорудагы факт боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 171- (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же пайдалануу) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0