Чаткалдын дарыгерлери 1 млн. сом ыйгарып алды деп шектелүүдө

Жазылуу
Жалал-Абад прокуратурасынын кызматкерлери каржы документтеринин жасаламаланганын аныктады. Анын натыйжасында ЖДПБ дарыгерлери миллион сомдон ашуун акчаны өзүнө ыйгарып алышкан.

БИШКЕК, 12-июнь— Sputnik. Жалал-Абад прокуратурасы Чаткал районунун жалпы дарыгерлер практикасы борборунун жетекчилигине карата кылмыш ишин козгогонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Прокуратура кызматкерлери аталган мекеменин жетекчилиги финансы-бухгалтерлик документтерди жасалмалоо жолу менен 2013-2014-жылдары 1 миллион 55 миң сомду өзүнө ыйгарып алганын аныктаган.

"Мындан тышкары, алар 182,7 миң сомдук бюджеттик каражатты туура эмес максатта пайдаланып, мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтиришкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура органдары тарабынан кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 152-беренеси (Айлык акы, пенсия, жөлөк пул жана социалдык төлөмдөргө берилген акча каражатын өз максатында пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда аталган фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0