Кара-Суу районунда сууга түшүп кеткен адам изделүүдө

Жазылуу
Дайынсыз жоголгон адамды сегиз куткаруучу издеп жатат.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Кара-Суу районунда белгисиз себептер менен Куршаб дарыясына түшүп кеткен адам изделип жатканын ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Окуя 13-июнда болгон. Сууга Алп-Ордо айылынын 50 жаштагы тургуну Солпиев түшүп кеткен.

Учурда дайынсыз жоголгон адамды сегиз куткаруучу издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0