Сузактын тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундан алынган анализдер лабораториялык изилдөө үчүн облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чаңгыр-Таш айылынын 40 жашар тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айыл тургунунун анализи лабораториялык изилдөө үчүн Жалал-Абад шаарындагы санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлгөн.

Райондук ооруканадан билдиришкендей, аталган жаран чындап эле күйдүргү оорусуна чалдыккан-чалдыкпаганы аныктала элек. Бул дартты ал киши мал союп жатып жуктуруп алышы мүмкүн экендигин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0