Финпол кызматкерлери тоноочулукка шектелүүдө

Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ЭКККМК кызматкерлери Бишкек-Торугарт автожолунда эки жаранды сабап, 7,3 миң доллар акчасын алып кеткенин белгилейт.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы (КККК) ЭКККМК кызматкерлеринин эки адамды сабап, тоноп кеткенин аныктаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, жума күнү Финполдун 10 кызматкери Бишкек-Торугарт автожолунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагынан жүргүнчү менен келе жаткан унааны токтоткон. 

"Финполдун кызматкерлери машина ичиндегилерди сүйрөп чыгышып, себепсиз ур-токмокко алышкан. Натыйжада таяк жеген адамдар жабыркап, бирөөсүнүн оң колу сынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ЭКККМК кызматкерлери мыйзамсыз түрдө жабырлануучулардын биринин 7,3 миң доллар жана 500 сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алышкан.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кармоо учурунда тоскоолдук кылган Финполдун кызматкерине кылмыш иши козголду
Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси (Кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалануу) жана 167-беренеси (Талап-тоноочулук) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Текшерүү учурунда жарандарды ур-токмокко алгандар ЭКККМКнын эки кызматкери экени аныкталган.

Келтирилген далилдердин негизинде аталган кызматкерлер УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Тергөө учурунда окуяга тиешеси бар ЭКККМКнын башка кызматкерлерине да укуктук баа берилери белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0