Бишкекте кичи автобус ала салып, бир аял каза болду

Жазылуу
Жол кырсыгынан сегиз адам ооруканага жеткирилип, бир аял каза болду. Жабыркагандардын арасында беш айлык наристе бар.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Mercedes микроавтобусу Fiat жеңил унаасы менен сүзүшкөндөн кийин ала салып кеткен.

Бишкекте жол кырсыгына кабылган микроавтобус оодарылып кетти
Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 27-июнь күнү саат 21.30да болгон. Fiat машинасынын айдоочусу Анкара көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй баратып, жанаша бараткан Mercedes микроавтобусу менен жөөлөшүп кетип, натыйжада микроавтобус оодарылып калган. 

Кырсыктан кийин сегиз адам ооруканага жеткирилди, алардын арасында беш айлык ымыркай бар. 41 жаштагы жүргүнчү аял окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалып, айдоочулардын каны текшерүүгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0