Ысык-Көлдө бир жарандын тогуз бодо малын уурдаган деп шектелгендер кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЭрте менен айылда. Архив
Эрте менен айылда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк-Мойнок айылынын бир жашоочусунун тогуз бодо малын уурдап кетсе, экинчи тургундун беш коюн айдап кеткен.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдө мал уурдоого шектелген жарандар кармалганын Ысык-Көл облустук ИИБ билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тоң районунун Куу-Токой аймагында мал уурдоо боюнча эки факты аныкталган.

Көк-Мойнок айылынын бир жашоочусунун тогуз бодо малын, экинчи тургундун беш коюн айдап кеткен. Бул эки окуяга байланыштуу Тоң РИИБ тарабынан кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

"2,5 айдан кийин милиция кызматкерлери мал уурдагандардын изине түшүштү. Бул адамдар мал уурдап аны сатуу менен алектенишкен. Уурулардын башында жергиликтүү Мирлан аттуу жаран болгон, ал Камбар жана Санжар аттуу шериктери менен иштеген", — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалгандар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0