УКМК: "Кыргызтелеком" жасалма келишимдерди түзгөн

Жазылуу
Соттук-эксперттик уюмдун корутундусуна ылайык, ОББУну куруу үчүн келишимде көрсөтүлгөн каражат чыныгы суммадан ашып, алар “Кыргызтелекомдон” мыйзамсыз чыгарылып кеткен.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКнын "Ош — Иркештам” оптикалык-була байланыш өткөргүчтөрүнүн (ОББУ) долбоорун ишке ашырууда алдамчылык факты аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК 206 миллион сомдук салык төлөбөгөн фактыны аныктады
Маалыматка ылайык, "Кыргызтелеком" ААКнын башкы директору кытайлык "Хуавей" компаниясынын өкүлдөрү менен "Ош – Иркештам" ОББУ долбоору боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө жасалма келишимдерди түзгөн. Бирок "Хуавей" компаниясына өткөргүчтөрдү жана байланыш курулмаларын орнотууга уруксат берилген эмес.

Соттук-эксперттик уюмдун корутундусуна ылайык, ОББУну куруу үчүн келишимде көрсөтүлгөн каражат чыныгы суммадан ашып, алар "Кыргызтелеком" ишканасынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча УКМКдин Тергөө башкармалыгы кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0