ИИМ: Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланды

© пресс-служба ЖК КРЮруслан Тойчубеков. Архив
Юруслан Тойчубеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча Тойчубековдун кай жерде экени белгисиз, андыктан ага издөө жарыяланды. Экс-чиновник коррупциялык аракеттери жана кызматынан кыянаттык менен пайдалангандык үчүн айыпталууда.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Мамлекеттик каржы көзөмөлүнүн мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланганын Sputnik агенттигине ИИМдеги маалымат булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Тойчубеков "Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, ал лотерея оюндарын өткөрүүгө мыйзамсыз уруксат берген. 

Азырынча Тойчубековдун кай жерде экени белгисиз, андыктан ага издөө жарыяланды. Аталган иш боюнча кармалган жарандар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0