Инспектор кызматкери. Архив

Чуулгандуу видеодогу инспекторлор кызматынан бошотулду

101
(жаңыланган 11:00 02.07.2015)
Кыргызстандын ИИМ Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко видеодогу эки кызматкер иликтөө иштери учуруна кызматтан четтетилгенин билдирди. Ал ИИМ аталган кызматкерлерге бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону карап жатканын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Пара талап кылды деп шектелген Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) эки инспектору кызматтык териштирүү учурунда иштен бошотулганын аталган мекеменин жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди.

Шейшемби күнү социалдык тармактарда ЖКК инспекторлорунун үч жүргүнчүсү бар унааны токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Машинада отургандар 28-июндан 29-июнга караган түндө болгон бул окуяны видеого тартып алышкан. Инспектордун пара талап кылып жаткан жерин тартып алгандан кийин сыртка чыгып кызматкерлердин документтерин сурашкан. Инспекторлордун жанында турган жарандар кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеону алуу үчүн инспекторлор машинанын артынан кууп жөнөшкөнүн жүргүнчүлөрдүн бири Болот Ибрагимов маалымдаган.

Дьяченконун айтымында, ИИМ аталган кызматкерлерге карата кылмыш ишин козгоону карап жатат. 

"Бейбаштык фактысы аныкталды", — деди Дьяченко.

Шаршемби күнү инспекторлордун пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видео боюнча кызматтык териштирүүнү ИИМ Жеке коопсуздук башкы башкармалыгы жүргүзө турганы белгилүү болду. Иликтөө аракеттери Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды.

101
Белгилер:
Бишкек, Сергей Дьяченко, Жол кайгуул кызматы, пара, кылмыш иши
Тема:
Пара талап кылган жол инспекторлорунун видео чуулганы (11)
Тема боюнча
Жүк ташуучу 15 автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн пара берген жаран кармалды
Өрттөнгөн унаа. Архивдик сүрөт

ӨКМ: Бишкекте түн ортосунда эки автоунаа өрттөндү. Видео

80
(жаңыланган 10:49 01.12.2021)
Саат 3.20да чыккан өрт 20 мүнөттөн кийин чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте өткөн түнү катар турган эки автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Министрликтин Facebook тармагындагы баракчасына окуя болгон жерден тартылган видео жүктөлдү.

"1-декабрга караган түнү саат 03:20лар чамасында Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде токтоп турган Mercedes-Benz жана Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалардан өрт чыкты. Биринчи машина толугу менен өрттөнсө, экинчисинин бампери күйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

80
Белгилер:
Бишкек, автоунаа, ӨКМ, өрт, видео
Тема боюнча
Мэрия: Бишкекте өрт кырсыгы жана андан каза болгондордун саны өсүүдө
Чычканда өрттөнгөн бензовоздун ичинен кишинин сөөгү табылды. Кырсыктын сүрөтү
Стамбул шаарында бороон-чапкын болгон убакта бараткан адамдар

Түркияда катуу бороон-чапкындан улам алты киши мерт болду. Видео

187
(жаңыланган 16:53 30.11.2021)
Шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен. Анын айынан чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында жана бир катар аймактарында бороон-чапкындын кесепетинен каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Стамбулда ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен катуу бороон болгону кабарланган. Катуу шамалдан улам чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган. Дагы төрт киши каза болгону айтылган. 

Ал эми Кожаэли провинциясынын администрациясынын маалыматы боюнча, урандылардын астында калган бир адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Зонгулдак облусунда дагы бир адам мерт болгону айтылды.

187
Белгилер:
Түркия, Стамбул, бороон, шамал, адам, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Журналист өмүрүн тобокелге салып репортаж жасаган видео
Депутат Аккулу Бердиев. Архив

Алар да кудайдын пендеси. Депутат Жээнбеков, Зулпукаровдун кол тийбестиги боюнча

0
(жаңыланган 12:51 01.12.2021)
Депутат кесиптештеринин башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да качып кетип, жардам берейин деген эч ким жок экенин айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кийинки чакырылышка калтырууну сунуштады.

Ал адамдын башына кыйынчылык түшкөндө "жоопко тарткыла" деп уруксат бергенибиз туура эмес деген пикирин билдирди.

"Мурда Асылбек Жээнбековдун эшигин каккылап, бир кирип чыккандар өзүн бактылуу сезет эле. Азыр башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да, баары качып кетти. Жардам берейин деген эч ким жок. Ошондуктан бул маселени алдыда келе турган жаңы депутаттарга эле калтыралы. Мен ал киши менен саламдашкан да, чай ичишкен да жокмун. Кандай болбосун мусулманчылыкка караганда "кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң" деген сөз бар. Алар да кудайдын пендеси, башына оор иш түшүп жатат. Жыгылган адамды тепкилеген болбойт", — деди Бердиев.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрү Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
депутат, Асылбек Жээнбеков, кол тийбестик, комиссия, Аккулу Бердиев
Тема боюнча
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео