УКМК: жок кылынган Казакстандын жараны террористтик жардырууну пландаган

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТротил шашкалары. Архив
Тротил шашкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчиси террорчу Жанбулат Амиров учурда издөөдө экенин билдирген УКМК жарандарды кыраакы болууга чакырып, бул адам туурасында кандайдыр бир шектүү маалымат болсо, дароо укук коргоо органдарына билдирүүнү эскертти.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Өзүн Бишкек шаарында 1-июлда жардырып жиберген казакстандык жаран Кыргызстан аймагында террористтик аракет жасоону пландаган. Бул туурасында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат таратты.

"УКМК тарабынан жашыруун террористтик уюмдун мүчөсү болгон Казакстандын эки жараны Кыргызстанда террористтик акт уюштурууга ниеттенген. Алар диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу жана аларды табуу боюнча жүргүзүлгөн операция учурунда аныкталган", — деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

УКМКнын маалыматында Кыргызстанда жардыруу жасайбыз дегендер 1991-жылы туулган Альберт Абхин жана 1988-жылы туулган Жанбулат Амиров.

Аскердик граната. Архив - Sputnik Кыргызстан
Издөө салынган Казакстандын жараны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберди
Алардын бири Абхин 1-июлда Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген

Буга чейин алар 25-июнь күнү Киев жана Исанов көчөлөрүнүн аймагында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда, Казакстанда издөө салынган эки кишинин кайда экендиги болжолдуу аныкталып, кармоого аракет кылганда качып кеткенге үлгүргөн. 

Экинчиси террорчу Жанбулат Амиров учурда издөөдө экендигин билдирген УКМК, өлкө жарандарын кыраакы болууга чакырып, бул адам туурасында кандайдыр бир шектүү маалымат болсо дароо укук коргоо органдарына билдирүүнү эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0