Оштун мурунку вице-мэрине кылмыш иши козголду

Жазылуу
"Бостон" айыл чарба кооперативдик ассоциациясына тийиштүү аэроаянт жайгашкан 4,7 гектар жерди вице-мэр жер ээсинин атынан жана анын уруксатысыз өзүнө ыйгарып алган.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Ош шаарынын экс-вице-мэрине карата кызмат абалынан пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Фемида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдун эки сотуна карата кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы кызматтын текшерүү иштеринин натыйжасында Ош шаарынын мурунку вице-мэри облустун Кара-Суу районундагы 4,7 гектар жер аянтын мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталган. 

Мында 2011-жылы "Бостон" айыл чарба кооперативдик ассоциациясына тийиштүү аэроаянт жайгашкан  4,7 гектар жерди вице-мэр жер ээсинин атынан жана анын уруксатысыз өзүнө ыйгарып алган. Кара-Суу райондук соту бул аракетти мыйзамдаштырып, мамлекеттик акт түзүп берген.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда аталган факт боюнча УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0