Финпол: балык чарба департаменти 11 млн. сом салык төлөгөн эмес

Жазылуу
Ижарага берилген көлмөлөрдөн жер салыгы алынган эмес.

БИШКЕК, 3 июль — Sputnik. Балык чарба департаменти 11 миллион 216 миң сом салык жана айып пул санкцияларын төлөбөгөнүн Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда департамент ижарага берилген көлмөлөрдөн жер салыгын албагандыгы аныкталды. 

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0