Баткендеги айылдардын биринен авиабомба табылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАвиабомба. Архив
Авиабомба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бомба Баткен облусуна караштуу Баткен районунун чек ара аймагындагы айылдардын биринен табылды.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Баткендеги "Коргон" чек ара заставасындагы иликтөө иштери учурунда Өрүкзар деген жерде авиабомба табылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет. 

Чек аралардын бекемдигине жана коопсуздугуна көзөмөл кылуу максатында аталган кызмат бул багыт боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүп турат.

"1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин Мамлекеттик чек кара кызматынын борбордук аппаратынын офицерлеринен турган топтун мындай текшерүүсү салтка айланып калган", — деп билдирди аталган ведомстовонун маалымат кызматынан. 

Бомба Баткен облусунун Баткен районундагы чек ара аймагындагы айылдардын биринен табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0