Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан бир тажик жараны жабыркады

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге келген тажик чек арачылары жарандардын бейбаштыгын тыйбастан, аларга кошулуп, кыргыз чек арачыларынын куралын алууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Баткен облусунун Көчө-Карын айыл аймагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада куралдуу кагылыш болгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жүрүү эрежесин бузган өзбекстандык жети жаран кармалды
Алдын ала маалыматтарга караганда, Кыргызстандын чек арачылары тыюу салынган жерден мамлекеттин аймагына Тажикстандын алты жараны өтүп, Баткен — Исфана автожолунан бара жаткан кыргызстандыктардын унааларын ташка алып жатканын аныктаган. Тажикстандыктар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына өтүүсү тууралуу талабын аткарбастан, чек арачыларга таш ыргыткан. 

Окуя болгон жерге келген тажик чек арачылары жарандардын бейбаштыгын тыюунун ордуна, аларга кошулуп, кыргыз чек арачыларынын куралын алууга аракет кылышкан.

Кагылышуу учурунда эки тараптан бирден ок чыгаруу катталган, анын натыйжасында бир тажик жаран жабыркаган. 

Аталган факт боюнча эки мамлекеттин чек арачыларынын жолугушуусу демилгеленип, иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0