Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар кармалды

Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын үч жараны кармалды.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-казак чек арасынан өткөрүү пункту коюлбаган жерден өтүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

"Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң калктуу конушунан эки чакырымдай алыс жерде мамлекеттик чек араны бузган Кыргызстандын үч жараны кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалгандар өткөрүү пункту коюлбаган жерден өтүүгө аракет кылышкан, анын экөөнүн жанында документи болгон эмес.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, алар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0