Жаңы үйлөрдүн курулушунан үрөй учурган кемчиликтерди ИИМ таап чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮйлөрдүн курулушу. Архив
Үйлөрдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык, көп батирлүү турак-жайга колго жасалган жылыткыч казандарды орнотуу мыйзам бузуу болуп саналат.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Мамлекеттик техникалык инспекциясы бир катар мыйзам бузууларга жол берилгени ИИМдин Бешинчи башкы башкармалыгы тарабынан аныкталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн районундагы "Эне-Сай" жаңы конушунда курулуп жаткан беш кабаттуу турак-жайлардын долбоордук документтери Мамархитектура менен макулдашылбагандыгы анык болгон. 

"Демек, калган объектилер да уруксатсыз курулуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, пайдаланууга берилген көп батирлүү төрт турак-жай бир катар эреже бузуулар менен курулганы тастыкталды.

"Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкана негизги долбоордон четтеп, ар бир подъезддин жер төлөсүнө жылуулук берүү үчүн колго жасалган казандарды орноткон. Мындай одоно мыйзам бузуу жашоочулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат, анткени андан чыккан уулуу заттар жапырт ууланууга алып келиши мүмкүн", — деп белгилейт маалымат кызматы.

Курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык, көп батирлүү турак-жайга колго жасалган жылыткыч казандарды орнотуу мыйзам бузуу болуп саналат. 

"Ошондой эле аталган курулуштун бекитилген долбоорунда катуу отун жагыла турган казандарды орнотуу каралган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Чүй облусунун Мамлекеттик техинспекциясына карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. 

Кылмышка шектелген бир адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0