Бишкекте унаасына 4 кг. наша салып жүргөн айдоочу кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүНашаа. Архив
Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат табылган машинада айдоочудан тышкары дагы эки жүргүнчү болгон.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Шаар тургунунун унаасынан төрт килограммдан ашык нашаа табылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Алынган героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияга жөнөтүүга даярдалган дээрлик 21 килограмм героин кармалды
Маалыматка ылайык, өткөн суткада баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 22 жаштагы айдоочунун машинасын токтотушкан. Анда дагы эки жүргүнчү болгон.

Унааны текшерүү учурунда андан төрт килограмм 250 грамм нашаа табылган.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0