Омскидеги казарманын урашынан 13 адам каза болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОмскидеги казарма чатырынын урашынын жабыркандарынын туугандары.
Омскидеги казарма чатырынын урашынын жабыркандарынын туугандары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Омск шаарынын четинде жайгашкан төрт кабаттуу казарманын имараты жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, уранды алдынан 33 адам алынып чыккан.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Омскидеги казарма чатырынын урашынан набыт болгон адамдардын саны 13кө жетип, дагы 10 аскерди издөө улантылып жатканын Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.

"Саат 7.30га карата уранды алдынан 32 адам алынып чыкты. Анын 13ү каза болду. 19 аскер учурда ооруканада. Жеңил жаракат алган дагы үч адам окуу борбордун санитардык бөлүгүндө", — дейт генерал-майор.

Конашенков кырсыктын кесепетин жоюу боюнча негизги иштер аягына чыкканын кошумчалады. Төртүнчү, үчүнчү жана экинчи кабаттар текшерилип, анда эч ким жок экени аныкталды.

Имарат чатырынын урашы аскер обьектилериндеги биринчи учур эмес. 3-июль күнү Новгород шаарында ОМОНго таандык спорт залдын чатыры урап 5 адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0