Базарда ок-дары сатып жаткан жаран кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда андан 7,62 мм калибрлүү 110 ок, эки даана жардыруучу зат табылган. Дайындалган криминалистикалык экспертиза табылгандар аскердик ок-дары экенин аныктады.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. "Кудайберген" автобазарынын аймагынан жанында ок-дары салынган 34 жаштагы жаран кармалганын ИИМ 10 Башкы башкармалыгынын жетекчиси Райим Салимов билдирди. 

Анын айтымында, ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган адам мурда соттолуп, учурда Бишкек шаарында жашап келген. Текшерүү учурунда андан 7,62 мм калибрлүү 110 ок, эки даана жардыруучу зат табылган. Дайындалган криминалистикалык экспертиза табылгандар аскердик ок-дары экенин аныктады.

Аталган факт боюнча 241-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0