Кишен. Архив

Жогорку Кеңеш депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

519
(жаңыланган 16:34 15.07.2015)
Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутаты Х.К. 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК маалымат кызматы билдирди.

УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган депутат Жогорку Сотто карала турган Нариман Түлеевдин ишинин оң жагына чечилишине жардам берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылганын маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери башталды. 

ЖК депутаттарынын тизмесинде "Х.К." инициалына Хаджимурат Коркмазовдун аты-жөнү туура келет. Эл өкүлү "Реформа үчүн" депутаттык топтун курамында турат.

519
Белгилер:
Кыргызстан, Хажимурат Коркмазов, Жогорку Кеңеш, пара алуу
Тема боюнча
Пара алып жаткан БГУ проректору кармалды
Ысык-Көл облусунун Кырчын тилкесинде КамАЗ сайга кулаган

Ысык-Көлдүн Кырчынында КамАЗ сайга кулап, бир киши каза тапты. Сүрөттөр

72
(жаңыланган 17:23 24.10.2021)
Автоунаа ГЭС курулуп жаткан аймакка жүк ташып бара жаткан. Дагы төрт кишинин жабыркаганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 24-кт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караган Кырчын тилкесинде КамАЗ сайга кулап, бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

  • Грузовой автомобиль КамАЗ упал в овраг, в Тонском районе Иссык-Кульской области. 24 октября 2021 года
    Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караган Кырчын тилкесинде КамАЗ сайга кулап
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Грузовой автомобиль КамАЗ упал в овраг, в Тонском районе Иссык-Кульской области. 24 октября 2021 года
    Маалыматта маркумдун аты-жөнү такталып жатканы айтылды. Андан башка дагы төрт киши жабыркаган. Автоунаанын ГЭС курулуп жаткан аймакка жүк ташып бара жатканы маалым болду
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караган Кырчын тилкесинде КамАЗ сайга кулап

Маалыматта маркумдун аты-жөнү такталып жатканы айтылды. Андан башка дагы төрт киши жабыркаган. Автоунаанын ГЭС курулуп жаткан аймакка жүк ташып бара жатканы маалым болду.

Окуя болгон жерге тартылган беш куткаруучу автоунаадан өлгөн кишинин сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды жолдон өтүп бараткандар ооруканага алып кетишкен.

72
Белгилер:
Ысык-Көл, Кырчын, кырсык, камаз, куткаруучу, ӨКМ
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Суусамырдагы жол кырсыгынан эки адам мерт болуп, 10 киши жабыркады. Сүрөт
Ооруканада капельница алып жаткан кишилер. Архив

Бишкекте белгилүү кафенин тамагына ууланган 12 адам ооруканага түштү

140
(жаңыланган 14:58 24.10.2021)
Азыркы тапта ооруканада үч аял жатат, абалдары туруктуу деп бааланууда. Калганы алгачкы медициналык жардам алып кеткен.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте "Империя пиццы" кафесинен ролл жеп ууланды делген 12 адам ооруканага түштү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө 23-24-октябрь күндөрү тамакка ууланып 12 адам түшкөн. Анын үчөө жаш бала.

"Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин билдирүүсү боюнча, жабыркагандар "Империя пиццы" кафесинен ролл жешкен. Адистер эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Азыркы тапта ооруканада үч аял жатат, абалдары туруктуу деп бааланууда. Калганы алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн.

Аталган кафе окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

140
Белгилер:
Бишкек, уулануу, кафе, тамак, оорукана
Тема боюнча
Жалал-Абаддагы тойдо 124 киши этке ууланып, 16сы ооруканага түштү
Футболисты сборной Кыргызстана благодарят болельщиков после победы над сборной Палестины в Бишкеке в рамках Кубка трех наций. 02 сентября 2021 года

Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу

0
(жаңыланган 21:19 24.10.2021)
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия  кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды.

Континенталдык биринчиликке жол аччу мелдеште улуттук командага алгач Е тайпасынын оюну өтүп жаткан талаа ээси — БАЭ командасы туш болгон. Матч Фуджайра стадионунда өттү.

Биринчи тайм 1:0 эсеби менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Бирок экинчи бөлүктүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми КР футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

0
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, мелдеш, гол, жеңиш
Тема боюнча
Жаалданган күйөрмандар. Футбол талаасынан тартылган видео