Ош шаарында 37 жаштагы жаран каналга агып кеткен

Жазылуу
Натыйжада Араван районунун Кең-Сай конушунун жанынан агып өткөн каналдан Алдашеванын жансыз денеси табылган.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Ош шаарынын Түштүк кичи районунда Араван — Ак-Буура каналына 37 жаштагы Жазгүл Алдашова агып кеткенин ӨКМ билдирет. 

Маалыматка ылайык, кырсык 19-июль күнү түнкү саат 02.25те болгону катталган.

Издөө иштерин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жүргүзүшкөн. Натыйжада Араван районунун Кең-Сай конушунун жанынан агып өткөн каналдан Алдашеванын жансыз денеси табылган. 

Сөөк Араван райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0