Адис: Россияда мигранттардын саны мурдагы абалына жетишине көп бар

© Sputnik / Виталий Невар / Медиабанкка өтүүМигранттар. Архив
Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
Россияда пандемияга чейин иштөө үчүн келген 2,3 миллион чет элдик бар болчу. Быйылкы жазда алардын саны араң 1,7 миллионго жеткен.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттарынын саны пандемияга чейинки деңгээлине жетишине көп убакыт бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө Москва өкмөтүнүн алдындагы Миграциялык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Юрий Московский билдирди.
Анын айтымында, Россияда пандемияга чейин иштөө үчүн келген 2,3 миллион чет элдик бар болчу. Бул жазда алардын саны араң 1,7 миллионго жеткен.
"Ооба, мигранттардын саны кайра көтөрүлөт. Бирок быйылкы жылдын соңуна чейин чоң өзгөрүү болот деп айта албайм. Жадагалса 2022-жылдын аягында дагы абал абдан өзгөрүп кетерине көзүм жетпейт”, — деди ал.
Ошондой эле дискуссия учурунда миграциялык процесс, демографиялык абал, миграциянын социалдык-экономикалык тармакка тийгизген таасири жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0