БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Beeline уюлдук операторунун башкы директору жол кырсыгы боюнча кармалганын шаардык ИИББ билдирди.
Топ-менеджер февраль айында болгон жол кырсыгы боюнча шаршемби күнү кармалды.
Клочко КРдин Административдик кодексинин 281-беренеси ("Жол эрежесин бузуу") боюнча айыпталууда.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн кечке маал "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан өрт саат 0:01де чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Горит контейнер на "Дордое". Четыре пожарных расчета тушат. pic.twitter.com/xxQk2etd78
— Kanybek Beishenbekov (@kbeyshenbekov) March 6, 2021
Өрттү өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 20:46да дагы бир бөлүм, саат 20:48де Биринчи май районунан бир бөлүм жиберилген.
"Мындан тышкары, бир суу ташуучу унаа, саат 21:35те Октябрь районунан бир бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Саат 21:25те ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада барды", — деп жазылат билдирүүдө.
Өрт өчүрүү иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барды.
Кошумча маалымат берилет.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.