Ысык-Көлдө сууга агып кеткен жаран табыла элек

© flickr.com / Harold LitwilerСуудагыларга жардам берүүчү пост. Архив
Суудагыларга жардам берүүчү пост. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 22-июлда болгон. Агып кеткен жаран болжол менен 60-65 жаштарда экени аныкталды.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Ысык-Көлдүн Григорьев айылында Казакбай Асанкожоев аттуу жаран шар аккан сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 22-июлда болгон. Агып кеткен жаран болжол менен 60-65 жаштарда экени аныкталды.

Издөө иштерине министрликтин №31 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган, бирок Асанкожоев табылган эмес. Учурда алты куткаруучу издөө иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0