Акимдин орун басары: Тоңдогу кооптуулук жараткан суунун нугу 1-2 саатта бурулат

© Тимур АлымбековТоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын "Балыкзавод" тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары деңгээлинен көтөрүлдү.
Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын Балыкзавод тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары деңгээлинен көтөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн ысып, мөңгүлөрдүн эришинен улам, Кыргызстандын аймагындагы суулар нугунан чыгып ташкындоодо.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын "Балыкзавод" тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары  көтөрүлүп, коркунуч жаратууда. 

"Суу кыянга каршы курулган 200 метр дамбанын 70 метрин кыйратып, азыркы учурда жол каттамынын 30 метр узундугун жеп баратат. Жети үйдүн ээлери үйлөрүнө барыш үчүн белинен өйдө суу кечип өтүп жатат", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматынан.

ӨКМдин маалыматында балык өстүрүүчү эки көлмөнү, 2,5 гектар айдоо жер, сегиз электр мамысы (220W), жети  турак-үй,  балык сактоочу жай  кыйрап калуу коркунучунда турат. 

© Тимур АлымбековТоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын "Балыкзавод" тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары көтөрүлүп, коркунуч жаратууда.
1/2
Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын "Балыкзавод" тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары көтөрүлүп, коркунуч жаратууда.
© Тимур АлымбековӨКМдин маалыматында балык өстүрүүчү 2 көлмөнү, 2,5 гектар айдоо жер, 8 электр мамысы (220W), жети турак-үй, балык сактоочу жай кыйрап калуу коркунучунда турат.
2/2
ӨКМдин маалыматында балык өстүрүүчү 2 көлмөнү, 2,5 гектар айдоо жер, 8 электр мамысы (220W), жети турак-үй, балык сактоочу жай кыйрап калуу коркунучунда турат.
1/2
Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын "Балыкзавод" тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары көтөрүлүп, коркунуч жаратууда.
2/2
ӨКМдин маалыматында балык өстүрүүчү 2 көлмөнү, 2,5 гектар айдоо жер, 8 электр мамысы (220W), жети турак-үй, балык сактоочу жай кыйрап калуу коркунучунда турат.

Тоң районунун  акиминин орун басары Тимур Алымбеков Sputnik маалымат сайтына аймакта иштөөчү тоо-кен компаниясынын техникасы жардамга келгендигин, учурда кооптуулукту четтетүү боюнча иштер башталганын билдирди. 

"Азыр "Балыкзаводго" баруучу жолдор жабыркаган, көлмөлөрдө кооптуулук жаралган. Заводунун балыктарды тоскон жери коркунучта турат. "Кумтөр" ишканасынан техника келди. Азыр адистер караштырып жатышат, бир-эки саатта суунун нугун буруу боюнча ишти баштап, кооптуулукту жоёбуз", — деп билдирди Sputnik маалымат Алымбеков.

Акимдин орун басары суу ташкындын алдын алуу үчүн техника менен жергиликтүү бийлик камсыздап, ӨКМ ага күйүүчү май берип жатканын, ӨКМдин облустук бөлүмү, айыл өкмөттүн өкүлдөрү ал жерде жүрүшкөндүгүн кошумчалады.

Буга чейин ӨКМ күн ысып, мөңгүлөрдүн эриши менен суу ташкындоолору жаралышы мүмкүн экендигин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0