Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко. Архив

Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко үй камагына алынды

75
(жаңыланган 09:24 27.07.2015)
Бишкек ШИИБ маалыматы боюнча, Клочко үстүдөгү жылдын февралында болгон жол кырсыгы боюнча шаршемби күнү кармалган.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына алынганын Sputnik агенттигине Sky Mobile компаниясынын юристи Дмитрий Ветлугин билдирди.

Бишкек ШИИБ маалыматы боюнча, Клочко үстүдөгү жылдын февралында болгон жол кырсыгы боюнча шаршемби күнү кармалган.

Клочкого КРдин Административдик кодексинин 281-беренеси (Жол эрежесин бузуу) боюнча айып тагылган.

75
Белгилер:
Beeline, Олег Клочко
Тема боюнча
Beeline компаниясынын башчысы Олег Клочко кармалды
ишкектин Свердлов районуна караштуу Дордой базарынын аймагынан чыккан өрт

ӨКМ: "Дордой" базарында чыккан өрт чектөөгө алынды

84
(жаңыланган 00:34 07.03.2021)
Өрт "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү төрт бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн кечке маал "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан өрт саат 0:01де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.

84
Белгилер:
ӨКМ, өрт, "Дордой" базары, Бишкек
Тема боюнча
"Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Видео, сүрөттөр
Бишкектин "Орто-Сай" базарында контейнерден өрт чыкты
Дордой базарында контейнерден өрт чыкты.

"Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Видео, сүрөттөр

283
(жаңыланган 22:51 06.03.2021)
Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

​Өрттү өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 20:46да дагы бир бөлүм, саат 20:48де Биринчи май районунан бир бөлүм жиберилген.

"Мындан тышкары, бир суу ташуучу унаа, саат 21:35те Октябрь районунан бир бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Саат 21:25те ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада барды", — деп жазылат билдирүүдө.

Өрт өчүрүү иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барды.

Кошумча маалымат берилет.

283
Белгилер:
ӨКМ, өрт, "Дордой", Бишкек
Тема боюнча
Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт
Чемпионка UFC в легчайшем весе среди женщин Аманда Нуньес во время турнира UFC 245 в Лас-Вегасе, штат Невада (США). 14 декабря 2019 года

Буту менен кекиртектен алды. Шевченконун атаандашы Нуньестин жеңиши видеодо

0
(жаңыланган 12:50 07.03.2021)
Нуньес UFC тарыхында эки башка салмак категорияда тең чемпион болуп турган аял. Шевченкону убагында эки ирет жеңген.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун эзелки атаандашы, бразилиялык Аманда Нуньес чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий социалдык баракчасында жазылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Ал Бишкек убактысы боюнча бүгүн Лас-Вегаста өткөн UFC 259 турниринин башкы беттештеринин биринде австралиялык Меган Андерсон менен беттешкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Биринчи раунддун экинчи мүнөтүндө Нуньес  жыгылган атаандашынын мойнун өзүнүн эки бутун бириктирип туруп муунтканда беттеш токтотулган. Беттеш башталганганда эле Андерсон алсыздыгын көрсөткөн.

Муну менен бразилиялык спортчу жарым орточо салмактагылар (65 кг) арасында наамын сактап калды. Ал ортороок салмакта дагы (61 кг) чемпион экенин белгилей кетели. Мындайча айтканда, UFC тарыхында эки категорияда тең бел курун кармап турган аял. ММА боюнча жалпысынан 21 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.

Кыргызстандык мушкер Шевченко буга чейин Нуньес менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган.

Алгачкы жолу UFC 196 мелдешинде бразилиялык спортчуга калыстардын бирдей чечими менен жеңиш ыйгарылса, UFC 215 таймашында калыстардын көбү Нуньеске упай беришкен.

Кийин кыргызстандык мушкер эң жеңил салмак категориясына өтүп чемпион болгон. Ошондон бери "Нуньес менен аягына чыкпай калган окуя" тууралуу айтып келет.

0
Белгилер:
видео, жеңиш, беттешүү, атаандаштык, Валентина Шевченко, Аманда Нуньес, UFC
Тема боюнча
UFC мушкерлери Нуньес менен Андерсондун көз караштар таймашы. Видео
Тегеренип тээп, жыгылганын баса калып... Түндө өткөн UFC турниринин видеосу