Чек арада казакстандык жарандан тапанча жана ок-дары табылган

© flickr.com / David TrawinТапанча. Архив
Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак Республикасынын жараны Кыргызстандан курал алып өтүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. "Кеңбулуң — автодорожный" өткөрүү пунктунда кыргызстандык чек арачылар LOM – S тапанчасын жана 98 даана 5,6 миллиметрлүү Hilti окторун таап чыгышканын Чек ара кызматы маалымдайт.

Билдирүүдө курал менен ок-дары казакстандык жарандын "Subaru Forester" автоунаасынан табылгандагы айтылат. Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракеттенген.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалуучу жана ок-дары укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0