УКМК: чуулгандуу видео кайрылууну жасаган киши Сирияга бир жыл мурда кеткен

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEУКМК: чуулганду видео кайрылууну жасаган киши Сирияга бир жыл мурда кеткен
УКМК: чуулганду видео кайрылууну жасаган киши Сирияга бир жыл мурда кеткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" видео кайрылуусун жасаган кишинин улуту кыргыз, жашы 29да жана ал Жалал-Абад облусунда туулган.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Видео кайрылууда өзүн "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун согушкери деп атаган киши Кыргызстандан бир жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов Sputnik агенттигине билдирди.

Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: "Ислам мамлекетинин" мүчөсүмүн деген кишинин видео кайрылуусу текшерилүүдө
Буга чейин "Ислам мамлекетинин" мүчөсүмүн деген кишинин кыргызстандыктарга жасаган видео кайрылуусунун чындыкка канчалык дал келерин УКМК текшерип жаткандыгын билдирген. Чуулгандуу видео интернет айдыңында өткөн ишембиде кечинде пайда болгон. Дүйшөмбү күнү маалымат жыйын өткөргөн вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев элди жихадга үндөгөн кишинин ким экенин аныкталгандыгын билдирген эле. 

Сулаймановдун айтымында, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал 29 жаштагы, Жалал-Абадда туулган Кыргызстандын жараны экендиги аныкталды. Азырынча кайсыл жерде жүргөнү белгисиз. 

16-июль күнү кечинде атайын операциянын маалында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы бөлүмү "Ислам мамлекети " террордук уюмунун жети согушчанын жок кылган. Бул иш-чара учурунда УКМКнын төрт аскери жарадар болгон. 

Ведомствонун маалыматында, жок кылынган согушчандар Бишкекте 2015-жылдын 17-июль күнү Орозо айт учурунда эл көп жыйналган жерге жана Канттагы ЖККУнун аскердик базасында бир нече террордук жардырууларды пландаган. 

Путин менен Эрдоган "Ислам мамлекетине" каршы биргелешип күрөшүүнү талкуулашты
"Ислам мамлекети" террористтик уюму бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң башкы коркунучтарынын бири болуп калууда. Үч жылда террорчулар Ирак менен Сириянын көпчүлүк бөлүктөрүн басып алган. Мындан тышкары, алар өз таасирин Түндүк Африка өлкөлөрүндө, атап айтканда Ливияда жайылтуу аракетин көрүүдө. "ИМ" үстөмдүк кылган аймак 90 миң чарчы чакырымга жетет жана аларда террорчулар "халифат" жарыялашып, өз мыйзамдарын орнотуп, өз бийлик органдарын дайындашкан. Экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн саны ар кандай маалыматтар боюнча, 50 миңден 200 миңге чейин чукулдап барат.

"Ислам мамлекети" уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0