Бакиевдин катчысы Малеванаянын иши сотко өттү

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот жыйынында. Архив
Сот жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук териштирүү учурунда "КООРТ" компаниясынын башкы директору Малеваная менен "Учкун" ишканасынын директору Абыкеевдин ортосунда "КООРТ" компаниясынын менчигине мекеменин 15-16-кабаттарын өткөрүп берүү боюнча тынчтык келишими түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеген Оксана Малеванаяга карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Малеванаяга мамлекеттик коргоого алынып, мэриянын чечими менен тарых, маданият жана архитектура мурасы категориясына киргизилген "Учкун" ишканасынын 15-16-кабаттарын мыйзамсыз ыйгаруу боюнча Кылмыш жаза кодексинин алдамчылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Кыргызстан ЕКПАнын колдоосун өтүндү
2006-жылдын 26-июнунда "КООРТ" компаниясы Бишкектин район аралык сотуна "Учкун" ишканасынын негиздөөчүлөрдүн курамына кирүү жана кыймылсыз мүлккө болгон укук келишимин каттоону таануу тууралуу доо арыз менен кайрылган.

Соттук териштирүү учурунда "КООРТ" компаниясынын башкы директору Малеваная менен "Учкун" ишканасынын директору Абыкеевдин ортосунда "КООРТ" компаниясынын менчигине мекеменин 15-16-кабаттарын өткөрүп берүү боюнча тынчтык келишими түзүлгөн. 

2018-жылдын 18-апрелинде "КООРТ" келишимдин негизинде "5 Канал" коомунун мүлкүн бир миллион 857 миң сомго саткан. Ал эми курулуш-техникалык экспертизанын корутундусу аталган мүлктүн баасы алты миллион 713 миң 986 сом экенин аныктаган.

Учурда иш Октябрь райондук сотунда кароодо турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0