Лейлек: тажикстандыктар 1 млн. сомдук металл алып кирип келе жатып кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАлюминий чыгаруу. Архив
Алюминий чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандык үч жаран Кыргызстандын аймагына жалпы баасы бир миллион сомдук 13 тонна алюминийди аткезчилик менен алып өтүп баратып колго түшкөн.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек чек ара отряды кыргыз-тажик чек арасынан контрабандалык жүк алып өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жарандарын кармаганын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-июль күнү болгон. Тажикстандык үч жаран Кыргызстандын аймагына жалпы баасы бир миллион сомду түзгөн 13 тонна алюминий алып өтүп баратып колго түшкөн.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана металл Кыргызстандын Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0