Жогорку сот Чүй облустук сотуна өрт коюлуп, материалдар уурдалганын тастыктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку сот Чүй облустук сотуна өрт коюлуп, материалдар уурдалганын тастыктады
Жогорку сот Чүй облустук сотуна өрт коюлуп, материалдар уурдалганын тастыктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурдалган материалдар 7-апрелдеги талап-тооночулук боюнча Абдуллажан Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов, Абдували Акжолов жана Жоробаевага козголгон кылмыш иштери экени аныкталды.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Чүй облустук сотуна коюлган өрттөн улам судья Жумагуловдун кабинетинен сегиз томдон турган кылмыш иш материалдарынын алты тому уурдалып кеткенин Жогорку Сот тастыктады.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү түнкү саат 03.28де бет капчан эки адам сот имаратынын кабинетине өрт коюп, мындан улам айрым документтер жоголуп кеткен.

Папка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облустук сотуна өрт коюлуп, кылмыш иштеринин материалдары жоголду
Уурдалган материалдар 7-апрелдеги талап-тооночулук боюнча Абдуллажан Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов, Абдували Акжолов жана Жоробаевага козголгон кылмыш иштери экени аныкталды. 

Каракчылар имараттын экинчи кабатына башка эшикти талкалап киришкен. Аталган кылмыш иштерин алгандан кийин кабинетке өрт коюп чыгып кетишкен. 

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Жумагуловдун кабентиндеги жана биринчи кабаттагы видеобайкоо жабдыгынын материалдары берилди.

Учурда аталган факт боюнча Бишкек ШИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0