Сууга агып кеткен баланын денеси 8 күндөн кийин табылды

Жазылуу
Сегиз күнгө уланган издөө иштеринин натыйжасында, 2-август күнү саат 11.40та куткаруучулар Абдынасыровдун денесин таап, милиция кызматкерлери аны туугандарына өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы шар аккан каналга агып кеткен 12 жаштагы Бишкектин тургуну Талгат Абдынасыровдун сөөгү табылганын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 25-июль күнү аталган айылдын Жибек Жолу — Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Сегиз күнгө уланган издөө иштеринин натыйжасында, 2-август күнү саат 11.40та куткаруучулар Абдынасыровдун денесин таап, милиция кызматкерлери аны туугандарына өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0