Кутурма дартынан Кара-Буура районунун тургуну каза болду

Жазылуу
73 жаштагы бейтапты ушул жылдын 8-майында тоодогу сарайынан чөө тиштеп алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айылынын 73 жашар тургуну кутурма дартынан 2-августта каза болгонун аймактык оорукананын директору Нурдин Усупбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап аймактык ооруканага 27-июль күнү келип түшкөн.

"Бейтап келип түшкөндөн  эки өткөндөн күндөн кийин анын кутурма дартына чалдыккан белгилери аныкталган. Ал шамалдан, суудан корко баштады. Кутурма дартынын алгачкы симптомдору ушулар", — деди ал.

Усупбековдун айтымында, кутурма дартына чалдыккандар бул райондо тарыхта биринчи жолу катталууда.

73 жаштагы бейтапты ушул жылдын 8-майында тоодогу сарайынан чөө согончогунан тиштеп алган. Дарттын инкубациялык мөөнөтү 90 күнгө чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0