Казакстандык келин Бишкектин төрөт үйүндө каза болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы оорукчандын колу. Архив
Ооруканадагы оорукчандын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келиндин өмүрү үчүн дарыгерлер 10 күн күрөштү. Бирок оорулуу комадан чыкпай ишемби күнү каза болду.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Казакстандын жараны жатындын шишигин алуу боюнча жасалып жаткан операция убагында кан куюдан реакция жүрүп каза болгонун №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Азамат Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, келин Бишкекке Казакстандын Жамбыл облусундагы Жанатас шаарынан шишикти алуу боюнча операция жасатууга келген. 

"Светлана Леонова аттуу дарыгер эс алууда болгондуктан, аны күтүү керек болду. Оорулуу бөлөк дарыгерден баш тартты. Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда оор диагноз менен ооруканага түштү. Консилиум өткөрүп, 21-июлда операция кылуу чечимин кабыл алдык", — дейт Алымбаев.

Дарыгер операция ийгиликтүү өткөнү менен, кан куюудан күчтүү аллергиялык реакция пайда болгонун кошумчалады.

"Реакциядан анафилактикалык шок жаралып, оорулуу комага түшүп калды. Келиндин өмүрү үчүн дарыгерлер 10 күн күрөштү. Бирок оорулуу комадан чыкпай ишемби күнү каза болду", — дейт Алымбаев.

Туугандары сойдуруудан баш тартып, сөөктү моргдон алып кетишти дейт дарыгер. 

"Жакындарынын дарыгерлерге эч кандай дооматы жок. Күнү-түнү көзөмөлдөп карагандыгы үчүн төрөт үйүнүн кызматкерлерине ыраазычылык кат жазып беришти", — дейт Алымбаев.

Жатындын шишиги (миома) зыянсыз шишик болуп эсептелет. 35-50 жаш курактагы аялдардын арасында көп кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0