Алмамбет Анапияевдин агасы пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Ош шаарынын 26 жаштагы тургунунан "тендерден утуп алган курулушун текшербөө үчүн пара талап кылган" деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Миң доллар пара талап кылган Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев 30 миң сом пара алып жаткан жеринен шейшемби күнү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Анапияевдин өлүмүнө байланышкан кылмыштын бетин Белоруссия жакын арада ачышы мүмкүн
Анапияев Ош шаарынын 26 жаштагы тургунунан "тендерден утуп алган курулушун текшербөө үчүн пара талап кылган" деп шектелүүдө.

Галмамат Анапияев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы. Ал КРдин Кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 48 саатка кармалды. Анын баш коргоо чарасын сот чечет.

Жаңылыктар түрмөгү
0