Бир күндө үч жаран сууга чөгүп кетти

Жазылуу
Кечээ, 4-август күнү Ысык-Көлдө, Бишкек жана Баткен шаарларында үч жаран сууга чөгүп кеткен учурлар катталды.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 4-августунда куткаруучулар сууга чөгүп кеткен үч жарандын сөөгүн алып чыкканын ӨКМ министрлиги билдирет.

Сууга түшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга агып кеткен баланын денеси 8 күндөн кийин табылды
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эс алып жүргөн Жалал-Абаддын 26 жаштагы тургуну Зыфар Турарбеков көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар үч сааттан кийин Турарбековдун денесин суудан алып чыгып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ала-Арча дарыясына Көлдүн Тамчы айылынан келген 30 жаштагы жаран сууга агып, куткаруучулар анын жансыз денесин чыгаргандан кийин милицияга өткөрүп беришкен.

Буга катар, Баткен шаарынын Булакбашы кварталында 20 жаштагы Гүлсавгар Нематилла кызы каналга түшүп, чөгүп кеткен. Издөө иштерин ӨКМ 3-издеп-куткаруу отрядынын куткаруучулары жана туугандары жүргүзүп, саат 17:20 анын жансыз денеси медицина кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0