Сот-медициналык экспертиза борборунун жетекчилигине каршы кылмыш иши козголду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛаборатория ичинде. Архив
Лаборатория ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдалануу менен компьютер жана башка кеңсе техникасын жогорулатылган баа менен сатып алышкан. Мындан улам мамлекетке 192 миң сомдун тегерегинде материалдык зыян келтирилген

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Юстиция министрлигине караштуу сот-медициналык экспертиза борборун текшерүү учурунда мекеменин жетекчилиги кеңсе техникасын жогорулатылган баа менен сатып алганын Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү Финансы полициясынын материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн.

"Борбордун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдалануу менен компьютер жана башка кеңсе техникасын жогорулатылган баа менен сатып алышкан. Мындан улам мамлекетке 192 миң сомдун тегерегинде материалдык зыян келтирилген", — деп атылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0