Ленин чокусунда болгон кырсыктан Россиянын бир жараны каза болуп, француз жаракат алды

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЛенин чокусунда болгон кырсыктан Россиянын бир жараны каза болуп, француз жаракат алды
Ленин чокусунда болгон кырсыктан Россиянын бир жараны каза болуп, француз жаракат алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруу иштеринде өтө деле оорчулук болгон жок. Жаракат алган альпинист менен каза болгон россиялыктын сөөгү 4000 метр бийиктиктеги Ленин чокусунун төмөн жагындагы Ачык-Тай аймагынан алынып келди.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ош облусундагы Ленин чокусунда Россиянын жараны каза болуп, француз альпинисти жаракат алганын Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Тоо гиддеринин ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаровдун маалыматына ылайык, Краснояскиден келген альпинист каза болгон.

"Чокудагы жаракага төрт киши түшүп кетип, Краснярскиден келген альпинист каза болду", — дейт Комиссаров.

Башкы штабдан билдиришкендей, 7-август күнү Ош шаарына тик учак менен каза болгон россиялык альпинист менен жаракат алган француз алынып келди.

"Куткаруу иштери учурунда өтө деле оорчулук болгон жок. Жаракат алган альпинист менен каза болгон россиялыктын сөөгү 4000 метр бийиктиктеги Ленин чокусунун төмөн жагындагы Ачык-Тай аймагынан алынып келди. Куткаруу иштери жарым саат гана убакытты алды, Түштүк аймактагы экипаждар даяр турушкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 2-августта ушул эле экипаж подполковник Алишер Курбановдун жетекчилиги алдында каза болгон төрт альпинист – үч россиялык жана бир поляктын сөөгүн алып келишкен. Жыл башынан бери Кыргызстандын Башкы штабы тарабынан куткаруу үчүн 30дан ашык учуулар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0