Казакстанда каза болгон КР жарандарынын сөөгүн алып келүүгө премьер тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКазакстанда каза болгон КР жарандарынын сөөгүн алып келүүгө премьер тапшырма берди
Казакстанда каза болгон КР жарандарынын сөөгүн алып келүүгө премьер тапшырма берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамбыл облусунда автобус менен жеңил автоунаа кагышып, Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үчөө оор абалды аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Казакстанда жол кырсыктан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн Куткаруучуларды даярдоо бөлүмүнөн ыкчам топ жөнөп кетти.

Дарыгер: Казакстандагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы оор
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-августта эртең менен Астана – Шымкент кан жолунун 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышкан. Анын кесепетинен төрт кыргызстандык каза болуп, үчөө оор жаракат алып, Приозерск шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Аталган оорукананын директорунун айтымында, жаракат алган кыргызстандыктардын абал өтө оор.

Автобустун жүргүнчүлөрү жаыркаган эмес. Учурда автобустун айдоочусун кармоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, жол кырсыгына ал күнөөлүү деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0