Казакстанда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алынып келди

© Фото / пресс-служба МИД КРДТП в Мойынкумском районе Жамбылской области Казахстана.
ДТП в Мойынкумском районе Жамбылской области Казахстана. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын сөөктөрүн алып келүү үчүн КР премьер-министри Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго тапшырма берген.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсыгынан каза болгон төрт кишинин сөөгү мекенине алынып келгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын Жамбыл облусунун Мойункум районунда 7-августта таңкы саат 06:40 чамасында "Алматы – Екатеринбург" кан жолунун 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышып, Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жаран оор абалда Приозерск шаарындагы оорукананын жанжандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Маркумдардын сөөктөрүн алып келүү үчүн КР премьер-министри Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго тапшырма берген. Бул үчүн 8-августта саат түшкү 12:30 чамасында ӨКМдин куткаруучулары "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү унаа менен чыгышып, 9-августта түнкү саат 12:40тар чамасында алып келишкен.

"Азыр маркумдардын сөөгү туулуп өскөн жерлерине алынып баратат", — деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Жаракат алган жарандардын абалы оор экенин Приозерск шаарындагы оорукананын директору маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0