Баткендеги чек арада кайрадан ок атылып, чек арачы жарадар болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архив
Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 8-августта болгон, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Баткен районуна караштуу Көчө-Карын аймагындагы кыргыз-тажик чек ара аймагында кайрадан чыр чыгып, кыргызстандык чек арачы жарадар болду. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

8-августта Көк-Таш айыл аймагына жакын Көчө-Карын деп аталган жерде 15 чакты тажик жарандары Кыргызстандын чек арасын бузуп кирип келе жаткан жеринен токтотулган. Алардын бири кармалып, калганы Тажикстандын аймагына кирип кетишкен. 

"Кармалган адамды чек ара заставасына алып бара жатканда Тажикстан тараптан болжол менен кичи калибрлүү куралдан ок атылып, кыргыз чек арачысынын бутуна тийген", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Премьер-министр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын чогултту
Чатактан кийин эки тараптын чек ара өкүлдөрү шашылыш жолугуп, Кыргызстан тарап чек ара аймагындагы эрежелерди бузуп, ок чыгаргандарга кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Ал эми тажик тарап буга жооп иретинде ок аткан кишини кармоо боюнча издөө иштери башталганын маалымдады.

Аталган ведомствонун маалыматында, кыргыз-тажик чек арасында учурда абал тынч.

Жакында эле Баткен районунда, ушул аймакта Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында суу талашынан улам чыр чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0