Бишкектеги жол кырсыгынан бир киши өлүп, беш киши ооруканага түштү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында "Субару-Форестер" жолдо токтоп турган жеңил автоунаны күү менен келип сүзүп, маңдайында келе жаткан дагы бир унаага урунган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Түндө Бишкек шаарынын Ден Сяопин көчөсүндө кетип бараткан "Субару-Форестер" эки автонунааны сүзүп, натыйжада айдоочунун жанында бараткан бир киши көз жумган.

27 жаштагы айдоочу башкарып бараткан "Субару-Форестер" жолдо токтоп турган жеңил автоунаны күү менен келип сүзүп, маңдайында келе жаткан дагы бир унаага урунган.

"Жол кырсыгынын кесепетинен "Субару-Форестердин" айдоочусунун жанында отурган жүргүнчү көз жуумп, калган беш киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди", — деп билдирди Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы.

Учурда кырсыктын себеби такталып, иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0