Ысык-Көлгө 20 жаштагы Талас районунун тургуну чөгүп кетти

Жазылуу
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кечки саат алтылар чамасында Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан пансионаттан Талас районунун Арал айылынын 20 жаштагы тургуну (Нурбек Касымбеков) көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0