Акжолдон тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды

"Акжолдон" тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды

37
(жаңыланган 15:21 11.08.2015)
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин курал жана анын октору ээси менен кошо тартип коргоо органдарына тапшырылды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол" текшерип-өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары курал менен өтүп бараткан казак жаранын кармады.

Казакстан жараны айдап бараткан автоунаадан "WALTER P22T" үлгүсүндөгү асманга атып белги берүүчү тапанча жана октор табылган.

Ал тапанча менен Казактандан биздин республиканын аймагына кирүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин курал жана анын октору ээси менен кошо тартип коргоо органдарына тапшырылды.

37
Белгилер:
курал, Чек ара, Казакстан
Тема боюнча
Чек арада казакстандык жарандан тапанча жана ок-дары табылган
"Ак-Жол" текшерип-өткөрүү жайы ЕАЭБдин чек арасы ачылып жаткандыктан жабылат
Пикирлер